Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Президент Жапаров бийлик "паспорт мафиясы менен күрөшүп жатканын" айтты


Президент Садыр Жапаров "Учкун" басмаканасында. 4-декабрь, 2023.
Президент Садыр Жапаров "Учкун" басмаканасында. 4-декабрь, 2023.

Президент Садыр Жапаров мамлекет көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирген паспорт мафиясын жеңүү үчүн эки жылдан бери күрөшүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчы бул тууралуу пикирин 4-декабрда Бишкектеги “Учкун” ишканасына барган учурда билдирди. Азыркы маалда “Учкун” ишканасы керектүү техника менен жабдылганын, мамлекеттик маанидеги документтерди, паспортторду өз алдынча чыгара аларын белгиледи.

Президентке басмаканадан чыгарылып жаткан жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди.

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басыла турганы сентябрда маалым болгон. Ал үчүн “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

Расмий маалыматтарда, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп.

Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар да болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG