Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Министр Жаныбеков Айыл чарба министрлиги өзгөрө турганын билдирди


Аскарбек Жаныбеков.
Аскарбек Жаныбеков.

Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги болуп өзгөрөт. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Ал жарлыктын долбоору даяр болуп калганын айтты.

“Суу маселеси эң биринчи маселеге чыгып жатканы үчүн ушуга барып жатабыз. Аны менен бирге түзүмүн да иштеп чыктык. Мөңгү тиги министрликте, жер астындагы суулар дагы башка мекемеде, гидрогеологиялык маалыматтык фонд башка министрликте, ал эми институттар болсо Улуттук илимдер академиясынын карамагында. Ушулардын баарын топтоп, бир системага алып келишибиз керек”, - деди Жаныбеков.

Министр Суу кодексинин долбоору да даярдалып, Министрлер кабинетине киргизилгенин маалымдады.

Мунун алдында депутат Эмил Токтошев өлкөдө суу тармагын тейлөөгө бирдиктүү система жок экенин, бул жааттагы мекемелердин иши бири-бирине каршы келип калганын айткан.

“Өзбекстан суу ресурстары газ менен мунайдан да маанилүү экенин түшүнүп, сентябрда Суу ресурстары жана ирригация министрлигин түзүштү. Алар келечек кайда баратканын сезип жатышат. Биз байлыктын үстүндө турсак да, дагы эле кызмат талашып жүрөбүз. Майдаланып кеттик”, - деди Токтошев.

Депутат бул жаатта бирдиктүү мекеме түзүүнү сунуштады.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып эле жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сокулук районундагы Селекция жана Сары-Өзөн, Орок айылдарынын жана Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундары быйыл жайында таза суу берилбей калганына нааразы болуп чыгышкан.

Кыргыз бийлиги соңку учурлардагы эл аралык жыйындарда, саммиттерде суу ресурстары жана аны эффективдүү пайдалануу маселесин көп көтөрө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG