Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

Air Astana компаниясына 876 млн теңге айып пул салынды


Казакстандагы эң ири авиакомпания - Air Astana күйүүчү майга себепсиз төлөм алганы үчүн 876 млн теңге айып пул төлөйт. Бул тууралуу Казакстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо агенттиги маалымдады. Аталган агенттик маалымдагандай, компания авиабилеттерди кыска мөөнөткө сатууда анын баасына негизсиз түрдө күйүүчү май үчүн 3500 теңгеден 6500 миң теңгеге чейинки төлөм кошуп турганы аныкталган. "Күйүүчү май үчүн төлөм анын баасы өсүп кеткен учурда гана кенемте максатында алынышы керек", - деп жазылган маалыматта.

Көп өтпөй, Air Astana компаниясы күйүүчү май үчүн төлөм алууну 6-декабрдан тарта токтоторун жарыялады. Ишкана ошондой эле ички каттамдардын жол акысын кымбаттатпай турганын билдирди. Жобо 6-декабрга чейин сатылган белеттерге тиешеси жок.

Маалыматка ылайык, Air Astana Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо агенттиги менен ички каттамдагы бааларды кармоо боюнча комплаенске барган.

"Астана-Алматы каттамындагы учак баасы орто эсепте мурдагы 28 435 теңгенин ордуна 24 435 теңге болот. Алматы-Актау каттамындагы учактын белети 37 568 теңгенин ордуна 31 078 теңге болот" деп жазылган маалыматта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG