Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

НАТО: Украинаны кандай гана учур болбосун колдоо керек


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Германиянын Das Erste телеканалына берген маегинде Украинадагы абал оор экенин билдирди.

“Биз кыйын кырдаалга даярданышыбыз керек. Конфликт этабы менен өнүгүп жатат. Бирок биз Украинаны кандай гана учур болбосун колдошубуз керек”, -деди ал. Ошол эле учурда Столтенберг Батыштагы өнөктөштөр Украинаны зарыл өлчөмдөгү курал-жабдуу менен камсыздай албаганын мойнуна алды. Ал журналисттин украин армиясынын мындан аркы кыймыл-аракети туурасында суроосуна жооп берген жок. НАТОнун башчысы оор чечимдерди Украинанын бийлиги жана аскери кабыл аларын белгиледи.

Украин президенти Владимир Зеленский Associated Press агенттигине курган маегинде курал жетишсиздигинен улам Украина ойлогондой жыйынтыкка жетпей жатканын айткан. Ошол эле учурда ал Киев ишенимдүү согушуп жатканын, эч убакта багынбастыгын айткан. Мындан тышкары дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Жакынкы Чыгыштагы конфликтке бурулганын кошумчалаган.

Мурдараак украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Economist журналына маек берип, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узакка созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG