Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалганы кабарланды


Салим Абдувалиев
Салим Абдувалиев

КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын “Эльтуз” өзбек сайты жазды. Маалыматта аны менен кошо жанындагы адамдарды укук коргоо органдары автобус менен алып кеткени кабарланды. Мындан тышкары басылма күч кызматкерлери ушул тапта кримчөйрөдө “Кара Гафур” атка конгон дагы бир ишкер Гафур Рахимовду издеп жатканын кабарлады. Ал Ташкенттеги үйүндө жана дачасында табылбаганы, Өзбекстандан чыгып кетиши мүмкүндүгү айтылууда.

Буга чейин Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы «Саидазиз медгородок» атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиевдин кармалганын расмий билдирген. 2-декабрда аталган башкармалык Ташкент шаарында криминалдык абалды жөнгө салуу үчүн масштабдуу чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Укук коргоо органдары азырынча Салимбай Абдувалиевдин кармалышы боюнча маалыматтарды тастыктай элек.

“Салимбай байбача” катары таанылган Салим Кыргызбаевич Абдувалиев 73 жашта. Борбор Азияда таасирдүү криминалдык төбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу маалыматтар чыккан.

"Салимбай байбачанын” кыргыз саясатындагы байланыштарынын дагы бети ачылып, кызуу талкууга айланган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG