Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Филиппинде 7,6 баллдык жер титирөө болду


Филиппинде ишемби күнү кечинде болгон жер титирөөдөн бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды. Зилзаладан улам цунами болушу мүмкүн деген эскертүүдөн кийин миңдеген тургундар үй-жайларын таштап, көчөлөргө чуркап чыкты.

АКШнын Геологиялык кызматы 7,6 баллдык жер титирөө 32 чакырым терендикте болгонун билдирди. Цунами тууралуу эскертүү бере турган Тынч океан борбору толкун Филиппиндин түштүк тарабына, Индонезиянын, Палаунун, Малайзиянын айрым бөлүктөрүнө жетерин эскерткен, бирок кийинчерээк муну кайра жокко чыгарды.

Жекшемби күнү АКШнын Гелогиялык кызматы 6,6 баллдык жер титирөө Хинуатан муниципалитетинен чыгышты карай 56 чакырым тереңдикте катталганын маалымдады. Филиппиндин сейсмологиялык агенттиги муну кайталанган силкинүү (афтершок) деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG