Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:50

Камала Харрис Газанын келечеги тууралуу көз карашын айтты


АКШнын вице-президенти Камала Харрис.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис.

Израилдин аскерлери менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу кармашын улантып жаткан маалда АКШнын вице-президенти Камала Харрис Газанын келечеги тууралуу пикирин билдирди. Харрис Жакынкы Чыгыштагы конфликт тууралуу Дубайда өтүп жаткан COP28 климат боюнча саммитте сүйлөдү. Ал көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү келечеги менен Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бирдиктүү палестиналык башкаруунун зарылдыгын белгиледи. Азыр Батыш жээктеги палестиндер көзөмөлдөгөн аймактарды Палестин автономиясы, ал эми Газа секторун ХАМАС радикал тобу башкарып жатат.

Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси менен болгон сүйлөшүүдө Харрис «АКШ кандай болгон шартта дагы Газадан же Батыш жээктен палестиндердин күч менен жер которуусуна жол бербей турганын» билдирди. Ошол эле учурда ал "ХАМАС Газаны көзөмөлдөй албастыгын, бул Израилдин коопсуздугу, палестин элинин бакубат жашоосу жана аймактык коопсуздук үчүн кабыл алынгыс нерсе" экенин айтты. Харрис согуш аяктаган соң, Газаны калыбына келтирүү иши «палестин элинин өзүнүн мамлекетин куруу боюнча ачык саясий болочогунун контекстинде» жүрүшү керектигине токтолду.

Мындан тышкары ал ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотуу жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ жаңы гуманитардык тыныгууларды жактай турганын айтты.

ХАМАС радикал тобу ишемби күнү барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирген. Ушул тапта барымтада дагы 136 киши калганы кабарланууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишембиде согуштук аракеттерин уланта турганын тастыктаган. Ошол эле учурда Израил эгер барымтадагылар бошотулса, убактылуу тыныгууларга даяр экенин айткан.

Израилдин өкүлдөрү аймакты оккупациялоо ниети жоктугун билдирип келет. Бирок бийликтен ХАМАС кулатылганда талкаланган Газаны ким башкарат деген суроодо Израилдин расмий позициясы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG