Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

ЖКда энергетикалык суусундукка тыюу салган мыйзам долбоору каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кенештин Социалдык саясат комитети 4-декабрдагы жыйынында Кыргызстанга энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Ага саламаттык сактоо министри, экономика министри жана ички иштер министри баштаган өкмөт өкүлдөрү чакырылган.

Июль айында арезидент Садыр Жапаров өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Анын алдында, май айында Салык кызматы июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштарын билдирген. Ага ылайык, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.

Соңку кездери коомчулукта, парламентте мындай суусундуктардын кесепет-зыяны тууралуу маселе көп көтөрүлө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG