Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Мэрия Октябрь районунда митинг өткөрүүгө болбой турганын эскертти


Бишкекте өткөн митингдердин бири. (Архивдик сүрөт)
Бишкекте өткөн митингдердин бири. (Архивдик сүрөт)

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы калаанын Октябрь районунун аймагында митинг өткөрүүгө болбой турганын 2-декабрда билдирди.

"Шаардыктардын жана шаар конокторунун коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоо жана район аймагында массалык башаламандыктардын алдын алуу максатында 2023-жылдын 29-августунан 31-декабрга чейинки аралыкта митинг, чогулуу, пикет жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынган", - деп жазылган.

Түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүүгө Башкы прокуратуранын, №1 тергөө абагынын, Октябрь райондук акимчилигинин, Октябрь райондук сотунун, прокуратурасынын, милиция башкармалыгынын, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин алдында, парктада, скверлерде, базарларда жана соода комплекстеринде өткөрүүгө тыюу салынары кошумчаланган.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн билдирди. Бул жүрүштү уюштуруу демилгесин көтөргөн активист Афтандил Жоробеков 2-декабрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылганын Фейсбук баракчасына жазды.

Жоробеков менен байланышууга мүмкүн болбой жатат, милиция бул тууралуу маалымат бере элек.

Акыркы жумада Бишкек, Ош, Каракол, Талас шаарларындагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы митингге чыгышууда. Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюшууда.

Базарлардагы митингдерден кийин милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармаганы маалым болду. Кээ бир сатуучулар Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыгышты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG