Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

Байкал-Амур магистралында соңку бир суткада экинчи поезд жардырылганы кабарланды


БАМдагы жарылуунун кесепети.
БАМдагы жарылуунун кесепети.

Байкал-Амур магистралынын Бурятиядагы тилкесинде соңку бир суткада экинчи жүк ташуучу поезд жардырылды. Бул тууралуу Mash, “База” басылмалары, бир катар украин маалымат каражаттары жазышты. Окуя Северомуйск тоннелинен беш чакырым алыстыкта болгон.

Маалыматка караганда, поезд алып бараткан күйүүчү май куюлган цистерналар жарылган. Азырынча экинчи авария тууралуу расмий кабарлана элек.

Байкал-Амур магистралы соңку кездери Кытай менен соодада активдүү колдонулуп келет.

1-декабрдын таңында Тергөө комитети БАМдагы биринчи жардырууну теракт катары мүнөздөп, кылмыш ишин козгогону маалым болгон.

Украин маалымат каражаттары, CNN жана Bloomberg кол салууну Украинанын атайын кызматы уюштурган болушу мүмкүн деп жазышууда. Расмий Киев бул маалыматты ырастаган жок. Орус бийлиги да бул тууралуу үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG