Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:12

Өзбекстанда бийликти сындап келген блогер сегиз жылга кесилди


 Блогер Олимжон Хайдаров.
Блогер Олимжон Хайдаров.

Фергана райондук соту блогер Олимжон Хайдаровду “опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган”, “бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген”, “жалаа жапкан” деген кинелер менен сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Озодлик радиосу 1-декабрда жазды. Хайдаров социалдык тармактарда бийликтин дарегине ачуу сындарды жазып келгени менен белгилүү болчу.

Андан тышкары сот блогерге караштуу бардык социалдык тармактардагы каналдарды, баракчаларды жана топторду жабууну өкүм кылды. Буга чейин прокурор Хайдаровду 9,5 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

Тергөөнүн версиясына караганда, блогер “Коканд Истиклол” соода жайынын жетекчилигин сындаган материал даярдап, кийин аны жарыялабоо үчүн 10 миң доллар сураган. Тергөөчүлөр билдиргендей, Хайдаров 7,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Олимжон Хайдаров буга чейин социалдык тармактардагы кайрылууларында өзүн “саясий туткун” деп атаган. Ал ири коррупциялык схемаларды ачыктаганы үчүн камалганын айтууда.

Эл аралык Freedom House уюму 2023-жыл үчүн чыгарган отчетунда Өзбекстанды Интернет эркин өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Уюмдун эсебинде, президент Шавкат Мирзиеевдин реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG