Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Жапаров Климат боюнча дүйнөлүк саммитке катышууда


Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Дубай шаарында бүгүн 1-декабрда өтүп жаткан Климат боюнча иш-аракеттердин бүткүл дүйнөлүк саммитине Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышууда.

Саммит Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Быйыл ага 70 миңдей адам, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидери катышууда.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, "Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат. Саммитте президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде улуттук билдирүү жасайт”.

Делегация башчыларын БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Ал Нахайян жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Быйыл сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинде климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири Кыргызстанга да тийип жатканы, мөңгүлөрдүн эриши, суунун деңгээлинин төмөндөшү аймактагы азык-түлүк туруксуздугун пайда кылып, жакырчылыкты жана миграцияны күчөтүшү мүмкүн экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG