Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

БУУ Газадагы аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирди


Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынын үстүнөн көрүнгөн түтүн. 1-декабрь, 2023-жыл.
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынын үстүнөн көрүнгөн түтүн. 1-декабрь, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде “катастрофалык” аскердик аракеттердин жанданышы боюнча өкүнүчүн билдирип, тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды.

Уюмдун Женевадагы гуманитардык кеңсесининин өкүлү Йенс Лаерке билдиргендей, согуштук аракеттердин жанданышы “Жердеги тозок Газага кайра кайтканын" айгинелейт.

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуунун мөөнөтү 1-декабрга караган түнү соңуна чыкты.

Макулдашуунун алкагында ХАМАС радикал уюму 80 израилдик аялдарды жана балдарды, андан тышкары 20 чет элдикти барымтадан бошотту. Чет элдиктердин көбү Израилге убактылуу акча табууга келген таиланддыктар. Аларды барымтадан чыгаруу өз алдынча макулдашуунун алкагында ишке ашты. Израил түрмөлөрүнөн 200дөн көп палестин аялдарды жана өспүрүмүдөрдү бошотту.

Бир жуманын ичинде Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирилди.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп , 240тай адамды барымтага алган. Израил армиясы Газа тилкесиндеги радикал топко каршы согуш жарыялаган. Андан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо министрлиги 15 миңдей киши набыт болгонун билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG