Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Казак прокурору абакка кесилген Жыланбаевдин сот өкүмү боюнча жооп берген жок


Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев.
Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев.

30-ноябрда Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Жандос Умиралиев абакка кесилген активист Марат Жыланбаевге чыккан өкүмдүн мыйзамдуулугу боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

29-ноябрда сот активистке өкүмдү жашыруун шартта чыгарган.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы прокурордон “өкүм менен тааныштыруу жараяны эмне үчүн ачык өткөн жок?”деп сураганда, Умиралиев сот өз ишин мыйзамга ылайык аткарып жатканын билдирди.

Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, жабык өткөн соттук жараяндарда дагы өкүм менен тааныштыруу процесси ачык болуш керек.

Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан!” оппозициячыл партиясынын лидери Марат Жыланбаевди сот “экстремисттик уюмду каржылаган жана анын ишмердүүлүгүнө катышкан” деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Жыланбаев жана анын тарапташтары дооматтардын баарын четке кагып, саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишет.

Сот жараяндарынын баары жабык өткөн. Ал эми өкүм окулуп жатканда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, активисттерди да залга киргизишкен жок. Соттун чечими качан чыгарылары алдын ала жарыяланган эмес. Активисттер жана укук коргоочулар соттук териштирүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешет. Жыланбаев өзү ноябрь айынын башынан бери соттун ачык өтүшүн талап кылып, ачкачылык кармап жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG