Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

УКМК Сузакта “Йакын инкар” агымынын активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди


“Йакын инкар” агымынын кармалган мүчөлөрү. УКМК тараткан сүрөт.
“Йакын инкар” агымынын кармалган мүчөлөрү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Жалал-Абаддын Сузак районунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын ишине бөгөт коюлганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 28-ноябрда Сузакта “Йакын инкардын” активдүү мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен айып тагылды.

Алар Сузак районунунда экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышканы аныкталган. Диний көз караштарынан улам светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүүдө “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү адабияттар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG