Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

«Росатом» Өзбекстан менен АЭС келишимине кол коюуга чукулдап калганын маалымдады


"Узатом" жана "Росатом" ишканаларынын делегациялары Ташкенттеги жолугушууда. 28-июнь, 2019-жыл.
"Узатом" жана "Росатом" ишканаларынын делегациялары Ташкенттеги жолугушууда. 28-июнь, 2019-жыл.

Өзбекстан менен Орусия АЭС салуу боюнча негизги келишимди даярдап жатканын “Росатомдун” жетекчиси Алексей Лихачев ТАСС агенттигине 28-ноябрда билдирди.

«АЭС куруу келишимин даярдоо соңку баскычта», - деп айтты «Росатомдун» башчысы.

Лихачёвдун сөзүнө караганда, «Росатом» Ташкентке чакан АЭСтин энергоблокторун жана адистерди даярдоо тууралуу кошумча сунуштарды киргизген.

2018-жылы Орусия менен Өзбекстандын өкмөттөрү макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, “Росатом” ишканасы “3+” муунундагы эки энергоблоктон турган комплекс курат. Курулуш Өзбекстандын бюджетинен жана орус өкмөтүнүн насыясынан каржыланат.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги 2030-жылы АЭСтин блокторунун курулушу аяктай турганын, бул коңшу өлкөнүн энергетикалык керектөөсүнүн 15-18% жабарын билдирген. Станция өзбек-казак чек арасына чукул жердеги Тузкон көлүнүн жээгине курулат.

«Азаттыктын» өзбек кызматы АЭС салынат деген кабар тарагандан бери Жизак облусунун коомчулугу, активисттер долбоордун экологиялык жана сейсмикалык коопсуздугун талкуулап жатканын жазган. Стратегиялык курулушка Орусиянын өнөктөш болуп калганы калктын көңүлүн өйүгөн дагы бир маселе.

«Росатом» Казакстанда да Балхаш көлүнүн жээгинде АЭС куруу долбоорун Астана менен сүйлөшүп жатканы маалым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG