Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:41

Баткен шаарында бала бакчага кезекте тургандар миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен шаарында бала бакчага баруу үчүн кезекте миңден ашуун бала турат.

Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка караганда, азыр мамлекеттик алты бала бакча иштеп жатат. Алар жалпы 626 орунга ылайыкташканы менен 1400дөн ашык бала тарбияланууда.

Ал эми алты менчик бала бакчага 400дөй жеткинчек барат.

Бала бакча тартыш болгондуктан, жергиликтүү бийлик 2024-жылы АРИС уюму менен биргеликте 140 орундуу бала бакча курууну караштырып жатат.

35 миңдей киши жашаган Баткенде кээ бир бала бакчалардын имараттары облустук мекемелерге берилип кеткен.

Кыргызстанда Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда да бала бакча маселеси курч. Өкмөт буга чейин менчик бала бакча иштеткендерге жеңилдиктер берилерин жарыялаган.

Балдарды бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында электрондук кезекке туруу системасы иштеп жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG