Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Собянин Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын абадан коргонуу түзүмдөрү баш калааны көздөй учкан дронду Подольск аймагында атып түшүргөнүн Москванын мэри Сергей Собянин 29-ноябрда билдирди. Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады. Киев буга комментарий берген жок.

Баштапкы кабарларга ылайык боюнча, дрон калдыгы түшкөн жерге зыян келтирилген жок.

Акыркы жолу 26-ноябрга караган түнү Подольскинин үстүнөн учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Сыныктары төрт жеке үйгө тийип, зыян тийгизгени айтылган. Коргоо министрлиги ал түнү Москва, Тула, Калуга, Смоленск жана Брянск облустарына учкучсуз учактар менен чабуул жасалганын билдирген.

Ал эми украин армиясы акыркы суткада орус тарап Киевдин аскердик позицияларына жана калктуу конуштарга 14 ракеталык чабуул жасап, 80 абадан сокку урганын маалымдады. Башкы штаб орус аскерлери Украинанын түндүгүндө, чыгышында жана түштүгүндө 100дөн ашуун калктуу конуштарды артиллериядан аткылаганын белгиледи.

Расмий кабарда өткөн суткада 87 согуштук кагылышуу болгону, Харьков, Донецк, Херсон облустары чабуулга кабылганы айтылат. Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып киргенден бери айыгышкан салгылашуу уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG