Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Спикер Жогорку Кеңеш нотариалдык орган эмес экенин айтты


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев акыркы учурда депутаттарга сын доомат көбөйгөнүн айтты. Ал Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында сөз сүйлөп парламентте бардык маселе боюнча талаш-тартыштар болорун, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин билдирди.

Спикер Нурланбек Шакиев да Жогорку Кеңешке айтылган сындарга жооп берип, депутаттар идеялардын, программалардын айланасында талаш-талкуу кылышы керек экенин айтты.

“Парламент жөн эле добуш берип, кол коюп отурган нотариалдык орган эмес. Жогорку Кеңеш элдин үнүн жеткире турган эң бийик трибуна”, - деди төрага.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Парламентке “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын дооматтар байма-бай айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG