Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Өзбекстанда прокурор блогерди 9,5 жылга эркинен ажыратууну сурады


Блогер Олимжон Хайдаров кармалган учур.
Блогер Олимжон Хайдаров кармалган учур.

Фергана облусундагы соттук жараянда прокурор блогер Олимжон Хайдаровду 9,5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Хайдаров социалдык тармактарда бийликти сындап келгени менен белгилүү.

Быйыл 29-июлда камалган блогерге “опузалап ири өлчөмдөгү акча талап кылуу”, “жалаа жабуу” жана башка айыптар тагылууда. Прокурор Хайдарову бардык кинелер боюнча айыптуу деп таап, эркинен ажыратуудан тышкары, жабыркагандарга 50 миллион сум көлөмүндөгү айып пул төлөтүүгө милдеттендирүүнү өтүндү.

Олимжон Хайдаров буга чейин социалдык тармактардагы кайрылууларында өзүн “саясий туткун” деп атаган. Ал ири коррупциялык схемаларды ачыктаганы үчүн камалганын айтууда.

Фергана облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, блогер “Коканд Истиклол” соода борборунун жетекчилигинен 10 миң доллар талап кылган. Бул үчүн ал "борбордун жетекчилигин сындаган материалды чыгарбоого убада берген".

Эл аралык Freedom House уюму 2023-жыл үчүн чыгарган отчетунда Өзбекстанды Интернет эркин өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Уюмдун эсебинде, президент Шавкат Мирзиеевдин реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG