Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Орус соту америкалык журналист Гершковичтин камактагы мөөнөтүн узартты


 The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершкович.
The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершкович.

Москванын Лефортово райондук соту америкалык The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн эки айга, 2024-жылдын 30-январына чейин узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Орусияда алты жылдай иштеген Гершкович Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө быйыл мартта кармалган.

Орусия кабарчы “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айтып, тыңчылыкка айыптап жатат.

32 жаштагы Гершкович 30-мартта кармалып, ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Кийин камактагы мөөнөтү эки жолу узартылган.

The Wall Street Journal ага коюлган айыпты четке каккан. Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган.

Ал "кансыз согуш" аяктагандан бери "тыңчылыкка" айыпталып, Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

АКШнын Мамлекеттик департамент Гершковичти “мыйзамсыз камалгандардын” тизмесине киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG