Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

Сасык тумоологондор бир аптада 13% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйө баштаганын 28-ноябрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-ноябрда сасык тумоолоп дарыгерге кайрылгандар 5050 адам болду. Бул бир апта мурдагыга салыштырганда 13,1% көп.

Ооругандардын 65 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар.

Буга чейин сасык тумоо көбөйгөн кырдаал сентябрь айында катталган.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүнө аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG