Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

"Чет элдик өкүл" мыйзамын сүрөгөн Надира Нарматова БУУнун Женевадагы жыйынына барды


Надира Нарматова Женевадагы жыйында.
Надира Нарматова Женевадагы жыйында.

Эл аралык коомчулуктун жана укук коргоочулардын сынына кабылган "Чет элдик өкүл" мыйзамын алга сүрөгөн депутат Надира Нарматова БУУнун Женевадагы жыйынына барды.

Мурдараак Кыргызстандагы медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШ, Швейцария, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, мыйзамды колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышкан эле. Демилгечилер буга мыйзам долбоору биринчи окууда парламентте бир катар регламент бузуу менен кабыл алынганы себеп болгонун айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 27-ноябрда кабарлагандай, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Нарматовадан тышкары депутат Шарапаткан Мажитова жана Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева да барган. Иш-чарада дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген делегация өкүлдөрдү өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жакырчылыкты жоюу маселелерин талкуулашууда.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

25-октябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG