Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Желекти өзгөртүү тууралуу долбоор парламент комитетинде каралат


1-сүрөттө Кыргызстандын азыркы желеги, 2-сүрөттө депутаттар сунуштаган долбоор, 3-сүрөттө иштелип чыккан вариант.
1-сүрөттө Кыргызстандын азыркы желеги, 2-сүрөттө депутаттар сунуштаган долбоор, 3-сүрөттө иштелип чыккан вариант.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында каралат.

Документтин авторлорнунун бири, депутат Улан Примов долбоорду биринчи маселе кылып кароо сунушун берип, депутаттар аны колдогон жок. Жыйынтыгында документ отурумдун аягында талкууланганы калды.

Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде билдирген.

Демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов документти сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG