Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Казакстанда Украинадагы согушка азгыруу фактылары катталды


Казакстандын Орусия менен чектешкен Костанай облусунун картасы.
Казакстандын Орусия менен чектешкен Костанай облусунун картасы.

Казакстандын Костанай облусунда Украинадагы согушка азгыруу аракети жүрүүдө. Бул тууралуу аймак башчысы Кумар Аксакалов билдирди. Анын айтымында, орус тарапта Украинадагы согушка азгыруу аракети Орусия менен чектешкен Узункөл аймагында катталган. Аксакалов бул тууралуу өкмөттүн брифингинде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Дароо тактай кетсем, жапырт азгыруу аракеттери катталган жок. Мен чек аралаш аймактарда болгон эки фактыны билем. Кандайдыр бир баракчалар табылган. Биз муну менен алектенгендерди тез аныктадык. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн".

Аксакалов бул фактылар боюнча териштирүү иштери уланып жатканын кошумчалады. Костанай облусунда согушка азгыруу аракеттери жүрүп жатканы жөнүндө маалыматтар быйыл жайда тараган.

Анда прокуратура согушка катышкандар он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин Рейтер агенттиги Казакстандын Орусия менен чектеш аймактарында Интернетте согушка чакырган жарнамалар көбөйгөнүн жазган. Андан тышкары, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын катарында Украинада согушуп жүргөн казакстандыктар бар экени аныкталган. Алардын так саны белгисиз.

Орусиянын абактарынан "Вагнерге" азгырылып, Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктар да болгон.

“Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.
АКШда жана бир катар батыш өлкөлөрүндө "террордук уюм" катары таанылган “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын негиздеген Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин бараткан учак быйыл жайда Тверде кулап, набыт болушкан. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги уланарын билдиришкен. Орусиянын президенти Владимир Путин аталган компания өкмөттөн каржыланып келгенин моюнга алган.
Азыр Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” менчик аскердик компаниясы мигранттарды Украинадагы согушка тартуу үчүн көбүнесе Телеграм-каналдар аркылуу жарнамасын жайылтып жатканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG