Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды


Шектүү М.Т.А. акча менен кармалгандагы фото. Сүрөт УКМКга таандык.
Шектүү М.Т.А. акча менен кармалгандагы фото. Сүрөт УКМКга таандык.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 21-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси - "опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Кеңешчисинин кармалышы боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-ноябрда видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жоктугун, пара алган кеңешчисинен муну күтпөгөнүн, ал эми мыйзам алкагында жооп бериши керектигин, коррупцияга каршы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерин толук колдой турганын айтты.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган М.Т.А. дагы эки жаран менен чогуу “көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады, рейдерлик жол менен басып алды” деп көмүр казуучу ишкананын башкы директоруна чара көрүүнү суранып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

УКМК билдиргендей, кармалган кызматкер А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар менен бирге көмүр казган ишкананын ишмердигине тоскоолдук жаратам деп, анын директорунан акча талап кылган.

Атайын кызмат М.Т.А. аттуу кеңешчинин аты-жөнүн тактаган жок. Бирок анын инициалы Талантбек Мамытовдун атына туура келет.

Ал учурда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Мекенчил” партиясынан тизме менен талапкер болуп катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG