Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

"Чек арасыз кабарчылар" жана DWA "Клоопту" колдоого чакырды


"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) жана Deutsche Welle Akademie (DWA) уюмдары "Клооп Медианын" жабылышына каршы билдирүү жарыялашты. Уюм билдирүүсүндө дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоого алган 50 өлкөгө жана Медиа эркиндиги коалициясына (Media Freedom Coalition) кайрылып, Кыргызстандын прокуратурасынын иликтөөчү сайтты жабуу аракетине каршы турууга чакырды.

"Бул коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү медиа жалпы дүйнөдөгү сөз эркиндигин коргоочулардын колдоосуна татыктуу. Клооптун куугунтукталышы - Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери көз карандысыз маалымат каражаттарына жасалып жаткан репрессиянын эн белгиси. RSF Медиа эркиндиги коалициясынын чечкиндүү реакциясына үмүт артат. Клоопту кугунтуктоо жана сөз эркиндигин кысымга алуу токтошу керек", - деп билдирди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “фейктер” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды.

Ага “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материал негиз болгон. Министрлик ушул эле кабарды жүйө кылып 12-сентябрда “Клооптун” орус тилиндеги сайтын жапкан. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Андан тышкары Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын такыр эле жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Кийинчерээк “Kloop” порталынын юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы эки арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG