Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Кара терилүү адамды өлтүрүүгө айыпталган полиция кызматкери абакта бычакталды


Дерек Шовин
Дерек Шовин

Мурдагы полициячы, кара түстуү Жорж Флойдду өлтүрүүгө айыпталып, 22,5 жылга абакка кесилген Дерек Шовин түрмөдө бычакталып, абалы оор экенин Associated Press ишенимдүү булакка таянып маалымдады.

АКШнын түрмөлөр бюросу 24-ноябрда Тусон абагында камалып турган адамга кол салуу болгонун ырастап, бирок аты-жөнүн ачыктаган жок. Бюронун маалыматында, түрмө кызматкерлери жаңжалды токтотуп, жараат алган кишини ооруканага жеткирген. Кайтаруучулар арасында жабыркагандар жоктугу айтылды. 380 адам кармалып турган түрмөгө сырттан баруучуларга убактылуу тыюу салынды.

Мурдараак Шовиндин адвокаты "өч алуунун бутасына" айланып калышы ыктымалдыгын белгилеп, жалпы камерага жайгаштырбоону талап кылган.

2020-жылдын 25-майда 46 жаштагы ынды кара Флойд Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган.

Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолордун башталышына түрткү болгон.

Шовинден тышкары, дагы үч полиция кызматкеринин үстүнөн да бул кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат.

2021-жылы июнда Шовин Флойдду атайылап өлтүргөн деп айыпталып, 22,5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Шовин айыбын мойнуна алган эмес.

Жорж Флойддун үй-бүлөсүнө Миннеаполистин бийлиги 27 млн доллар төлөп берүүгө макул болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG