Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Газа: ХАМАСтын барымтасындагы 25 киши бошотулганы кабарланды


Израил түрмөсүнөн бошотулган палестиндерди алып бараткан автобустар.
Израил түрмөсүнөн бошотулган палестиндерди алып бараткан автобустар.

24-ноябрдан тарта ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюму 7-октябрда барымтага алган адамдардын айрымдарын бошото баштады. Алгач Таиланддын 12 жараны бошотулду. Бул маалыматты Таиланддын премьер-министри ырастады. Алар Израилге убактылуу жумушка келген маалда радикал уюмдун туткунуна түшкөн. Жума күнү Газа тилкесиндеги Кызыл Чырым уюмунун кызматкерлерине 13 израилдик аял жана бала өткөрүлүп берилди.

Туткундар Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына чыгарылууда. Аларды Израил армиясынын аскерлери, дарыгерлер жана психологдор тосуп алат. Туткундар андан ары тик учак менен Израилдин түштүгүндөгү Хацерим авиабазасына жеткирилип, ооруканаларга жайгаштырылат.

Израил өз аймагындагы түрмөлөрдө жаткан 39 палестинди өткөрүп берүүгө тийиш. Алардын 13ү Кызыл Чырым уюмунун автобустары менен Газа тилкесине жакын жерге жеткирилип, хамасчыларга өткөрүлүп берилгенин маалымат каражаттары жазды.

ХАМАС радикал уюму менен Израилдин ортосунда АКШ,Катар, Египеттин ортомчулугунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө согуш токтоп, курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам кирет. Бул убакыт аралыгында ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 240 кишиден 50нү бошотушу керек. Ал эми Израил өз кезегинде 150дөй аял менен өспүрүмдү өткөрүп берет.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, 240 кишини барымтага алган. 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Толук курчоодо калган аймакта таза суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого эң зарыл нерселер тартыш. Согуш башталганда Израил электр жарыгын берүүнү токтотуп, Газаны караңгылык каптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG