Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Паралимпадачы Оскар Писториус мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат


Паралимпиадачы Оскар Писториус. 17-октябрь, 2014-жыл.
Паралимпиадачы Оскар Писториус. 17-октябрь, 2014-жыл.

Адам өлтүрүүгө айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылган паралимпиадачы Оскар Писториус кийинки жылдын башында мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгат. Мындай чечимди атайын комиссия чыгарганын “Би-би-си” дүйнөлүк кызматы 24-ноябрда жазды. Писториус Түштүк Африка республикасындагы түрмөлөрдүн биринде жазасын өтөп жаткан.

Бирок дагы беш жыл ал жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө болот.

Эки бутунун тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 37 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап, Олимп оюндарына катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиондугунда байге алган.

2014-жылдын октябрында спортчу курбу кызы Рива Стинкампты атайлап өлтүргөн деген айып менен беш жылга кесилген. Кийин прокурорлор сотко доо арыз менен кайрылышкан. Сот айыптоочулардын арызын канаттандырып, соттук процессти кайрадан уланткан.

2016-жылы ал 13 жылга эркинен ажыратылган.

Писториус өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал үйүнө ууру кирди деп эсептеп, курбу кызын билбестен атып алганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG