Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

WP: Кытай менен Орусия аннексияланган Крымда тоннел курууну талкуулашууда


Крым көпүрөсү.
Крым көпүрөсү.

Орусиялык жана кытайлык ишкерлер менен топ-менежерлер Орусияны аннексияланган Крым менен байланыштырчу суу алдындагы тоннел куруу планын талкуулашкан. Бул тууралуу украин чалгын кызматынан алган материалдарга таянып The Washington Post басылмасы жазды.

Басылма белгилегендей, мындай сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү Москва Крым (Керч) көпүрөсүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын айгинелейт. Аталган көпүрөдө Орусия Украинага согуш ачкан 18 айдан бери эки жолу жардыруу болгон.

Украин чалгын кызматынын материалдарына караганда, Севастополдо бул долбоордун үстүндө иштей турган орус-кытай консорциуму түзүлгөн. Анын башчысы Владимир Калюжный жана бул долбоорго кызыгып жаткан Кытайдын CRCC компаниясы да комментарий берүүдөн баш тартты.

2017-жылы май айында Газета.ру басылмасы орус бийлигине шилтеме жасап, Керч булуңу аркылуу тоннел курууга кытай инвесторлору даяр экенин жазган.

Америкалык эксперттердин айтымында, тоннелди тынч мезгилде деле куруу кыйын, ал эми согуш жүрүп жатканда дээрлик мүмкүн эмес. The Washington Post басылмасы мындан улам кытайлык компанияларга да санкция салынып калышы мүмкүн экенин белгилейт.

Расмий Бээжин Крымдын аннексиялануусун тааныган эмес. Орусиянын жана Кытайдын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG