Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Казакстанда ондон ашуун активист жапырт кармалды


Болжолдуу митингдер өтчү жерде токтоп турган полициянын автоунаалары.
Болжолдуу митингдер өтчү жерде токтоп турган полициянын автоунаалары.

Казакстандын Костанай шаардык соту активисттер Даурен Султангали, Алина Смакова жана Сандуган Санд-Ахметти тынч чогулуу боюнча мыйзамды бузган деген кине менен бештен сегиз суткага чейин камоо чечимин 24-ноябрда чыгарды.

Ушул эле күнү Астанадагы сот активист Амангелди Жахинди 15 суткага камоону өкүм кылган. Жалпысынан баш калаада кеминде жети активист кармалганы маалым болду.

Укук коргоочулар билдиргендей, Казакстандын ондон ашуун калаасында, анын ичинде Костанайда 25-ноябрда митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Активисттер ал күнү өлкөдө каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан!” оппозициячыл партиясынын лидери Марат Жыланбаевди бошотуу талабы менен митингге чыгууну көздөп жатышкан.

Өткөн аптада прокурор Жыланбаевди он жылга эркинен ажыратууну суранган. Сот качан чечим чыгарары азырынча белгисиз. Жыланбаев эки жумадан бери соттун ачык өтүшүн талап кылып, убактылуу кармоочу жайда ачкачылык кармап жатат.

Активист май айынан бери Астанда камакта жатат. Ал “экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө аралашкан жана каржылаган” деп айыпталууда. Тарапташтары бул дооматтардын бардыгы ойлонуп табылганын билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG