Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Жапаров ЖККУ саммитинде Газа, Ооганстан маселелерин көтөрдү


Садыр Жапаров. Минск. 2023-жылдын 23-ноябры.
Садыр Жапаров. Минск. 2023-жылдын 23-ноябры.

Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаал дүйнөлүк коомчулуктун БУУ резолюцияларына ылайык көрүп жаткан тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин «эки мамлекет» принциби негизинде бириктирүүнү жактайт. Бул тууралуу бүгүн 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Беларустун борбору Минск шаарында өткөн жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров кыргыз бийлиги тараптарды жай тургундардын өлүмгө жана зомбулукка кабылуусуна жол бербөө, атышууну тез арада токтотуу жана сүйлөшүүнү баштоо боюнча ар тараптуу чараларды көрүүгө чакырарын белгиледи.

Ошону менен катар президент кыргыз тарап Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн жасап жаткан аракеттерин кубаттай турганын жана алардын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга болгон умтулуусун колдой турганын айтты.

Эки саатка созулган жыйындын соңунда быйыл ЖККУга төрагалык кылган Беларустун лидери Александр Лукашенко мамлекет башчылары дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук, коргонуу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ал кыргыз-тажик мамилелерине да токтолуп “Биз муну канааттануу менен белгиледик - Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери, алардын чек арасындагы прогрессти алалы. Бул дагы биздин коопсуздук, бул дагы ЖККУнун ыйгарым укуктарына кирет”, - деп айтты.

Минск саммитинин жыйынтыгы менен 20га жакын документке кол коюлду. Алардын арасында уюмдун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бириккен жетекчилигинин жаңы түзүмү, аскер полигондору жана окуу борборлору, маалыматтык коопсуздук жаатындагы документтер бар.

Келерки жылы уюмдун башкы катчысынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөрү белгиленди. Бул кызматка президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар. Бүгүнкү саммитке Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Орусиянын президенттери катышты. Уюмдун дагы бир катышуучусу Армениянын өкмөт башчысы барган жок.

2022-жылы Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигонунда пландалган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан жана Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өткөн аскердик машыгууга катышкан эмес.

2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган. Көп өтпөй Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган жана "мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө" чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG