Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Орус бийлиги киши жегени үчүн соттолгон жаранды Украинадагы согушка жибергени аныкталды


Кеминде төрт кишини өлтүргөнү үчүн айыпталып, каннибализм боюнча 22 жылга соттолгон Денис Горин.
Кеминде төрт кишини өлтүргөнү үчүн айыпталып, каннибализм боюнча 22 жылга соттолгон Денис Горин.

Кеминде төрт кишини өлтүргөнү үчүн айыпталып, каннибализм боюнча 22 жылга соттолгон Сахалин облусунун тургуну Денис Горин Украинадагы согушка аттанганы маалым болду.

Бул тууралуу "Сахалин против войны" Телеграм-каналы жазды.

Ушу тапта Горин орточо деңгээлдеги жараат алып Түштүк Сахалиндеги ооруканада жатканын күбөлөрдүн бири "Сибирь.Реалии" сайтына билдирген.

Горин 2003-жылы адам өлтүрүү жана мыкаачылык беренелери менен он жылга кесилген. Жети жылдан кийин "үлгүлүү тартиби" үчүн шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.

2012-жылы бир тууганы Евгений Горин менен адам өлтүрүүгө айыпталып камалган. Ошол эле жылы анын колунан төрт киши өлгөнү маалым болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, ал 2010-жылы бир адамды өлтүрүп, этин жеген. Анда Горин 22 жылга кесилген.

Бир ай мурда Гориндин социалдык тармактардагы баракчасына "Z" деген жазуусу бар аскердик форма кийип турган сүрөтү жарыяланган.

Украинада согуш башталгандан бери Орусия оор кылмыш үчүн соттолгондорду да бошотуп, фронтко жөнөтүп келет. Алардын колунан каза тапкандардын жакындары буга каршы ар кандай акцияларды өткөргөнү менен, эч кандай жыйынтык чыга элек.

Журналисттердин эсебинде, Орусиянын президенти Владимир Путин адам өлтүргөнү үчүн соттолгон 17 кишиге ырайым берген. Алардын баары Украинадагы согушка катышып, үйлөрүнө кайткан. Айрымдары жаңы кылмыштарды жасаганы да маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG