Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Орус армиясы Украинанын бир катар аймактарын түнү менен аткылады


Орус армиясынын Запорожье облусуна жасаган чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын Запорожье облусуна жасаган чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Украинанын Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Юрий Малашко соңку бир сутка ичинде Орусиянын куралдуу күчтөрү аймакты 127 жолу аткылаганын билдирди. Бул үчүн артиллерия, учкучсуз аппараттар, реактивдүү системалар колдонулганы маалым болду.

"23 турак жай жана инфратүзүм объектилери жабыркаганы тууралуу кабарланды. Карапайым тургундар арасында жабыркагандар жок", – деди Малашко.

Ал арада Херсон облусунда орус армиясынын аткылоосунан бир киши набыт болуп, дагы бири жараат алганын облус башчысы Александр Прокудин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, соңку бир суткада орус күчтөрү аймакты миномет, артиллерия, танк жана авиация менен 65 жолу аткылаган.

Харьков облусунда орус армиясынын соккуларынан 61 жаштагы бир карапайым тургун жараат алып, ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү бийлик маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага алганын билдирип, көптөгөн далилдерге карабастан калктуу конуштарды, жарандык инфраструктураларды аткылаганын моюнга албай келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG