Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Көлбаевдин иши боюнча кармалган Өзгөн шаарынын мэри бөгөт чарасына каршы арызданды


Дамир Моңолдоров. УКМК тараткан сүрөт.
Дамир Моңолдоров. УКМК тараткан сүрөт.

Камчы Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров бөгөт чарасына каршы апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу бүгүн 22-ноябрда «Азаттыка» Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди. Анын айтымында, апелляциялык датануу бул соттук мекемеде 29-ноябрда каралат.

14-ноябрда Ош шаардык соту Моңолдоровдун ишин карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, аны 9-декабрга чейин камакта калтырган.

Адвокат Жылдыз Кадырова мындай чечим мыйзамсыз деген пикирин “Азаттыкка” билдирип, “Кайсы учурда камакка алып тергөө жүргүзүү керек? Жашаган жери аныкталбаса, беш жылдан өйдө жазага тартылуучу кылмыш жасаса камакка алынат. Тергөөнүн маалыматында да кармалганы боюнча эки ача пикир бар” деп кошумчалады.

15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Моңолдоров кармалганын, ага “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси боюнча айып тагылганын, ал “кримчөйрөнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишине катышкан, топтун мүчөлөрүнүн жардамы менен аны сындаган активисттерди коркуткан деп шектелип жатканын маалымдаган.

Дамир Моңолдоров бул убакка чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон. Өзгөн шаарына башчы болуп 2022-жылдын май айында дайындалган.

Атайын кызматтын койгон айыбы боюнча анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG