Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Көлбаевге таандык 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкени кабарланды


Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди.

Ал «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт:

"Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды".

Машиев бул батирлер боюнча арыз менен ким кайрылганын тактап айткан жок.

4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын операциясында “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчыбек Асанбек өлтүрүлгөн.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG