Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:45

Согушкан тараптар Газада ок атышпоону сүйлөшүүдө


ХАМАС барымтага алган кишилерди бошотууну талап кылган акция. Тель-Авив, 20-ноябрь 2023-жыл
ХАМАС барымтага алган кишилерди бошотууну талап кылган акция. Тель-Авив, 20-ноябрь 2023-жыл

Шейшембиде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди.

Ал эми Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху кабинет жыйынында барымтадагылар жакын арада бошотулат деген жакшы жаңылык аларына үмүттөнгөнүн айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Ошол эле күнү кечинде АКШ президенти Жо Байден ХАМАС Газа тилкесинде кармап турган кишилердин бошотулушун камсыздоого “өтө жакынбыз” деп билдирди.

Тель-Авив жоочулардын колунда 240тай киши бар экенин билдирген. Алдардын көбү израилдиктер, арасында балдар менен кары-картаңдар бар. Буга чейин саналуу киши гана бошотулду же сөөктөрү өткөрүлүп берилди.

Катар ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдөн кабары бар булактын айтымында, төрт күндүк тыныгуу маалында согушкерлер 50 аялды жана наристени, арасында чет өлкөлүктөрдү кое берет, Израил палестиналык 150 туткунду, негизинен аялдарды, жашы жетелек балдарды бошотот деген шарт талкууланууда.

АКШнын расмий өкүлү ушундай эле сандарды келтирди жана бул – алдын ала маалымат, соңку варианты макулдашылууга тийиш деп кошумчалады.

Мунаса табылса, алты аптадан бери уланып жаткан согушта биринчи жолу тыныгуу жарыяланмакчы жана барымтадагылар жапырт бошотулат.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбүдө билдиргендей, тилкеде жаңжал башталган 7-октябрдан бери 13 300 киши каза тапты, алардын 5 600ү балдар, 3 550дөн ашыгы аялдар.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Палестин автономиясынын бийлиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде 215тен көп киши набыт болгонун, 2800дөн ашууну жараат алганын маалымдады.

Израилдин өкмөтү ХАМАСтын кол салуусунан 1200 кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

Кабар агенттиктери шейшембиде израилдик аскерлердин соккусунан Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагери жабыркаганын маалымдашты.

Ошол эле күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму курчоодо калган үч оорукана бейтаптарды эвакуациялоого жардам берүүнү сураганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG