Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Футбол: Кыргызстан Оманды 1:0 эсебинде утту


Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курама командалары. 21-ноябрь, 2023-ж. Бишкек. Д.Өмүрзаков атындагы стадиону.
Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курама командалары. 21-ноябрь, 2023-ж. Бишкек. Д.Өмүрзаков атындагы стадиону.

21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасын 1:0 эсебинде утту.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп, 49-мүнөттө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизди.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен өз талаасында жана алардын мекенинде беттешет.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG