Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:06

АКШ Омурбеков жана Фролкин аттуу аскерлерге санкция салды


Азатбек Омурбеков (Архивдик сүрөт)
Азатбек Омурбеков (Архивдик сүрөт)

АКШ орусиялык эки аскер кызматкерине - полковник Азатбек Омурбеков жана ефрейтор Даниил Фролкинге санкция салды. Мамлекеттик катчынын бул жөнүндөгү билдирүүсүн Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемеси басып чыгарды.

"Бучанын касапчысы" деген атка конгон Омурбеков "адам укуктарын одоно бузуу, тактап айтканда Андреевка айылында украиналык тынч тургундарды өлтүрүүгө" тиешеси болгону үчүн "кара тизмеге" киргизилди.

"Орус аскерлери Украинанын Андреевка айылын көзөмөлгө алганда полковник Омурбеков Орусиянын 64-мотоаткычтар бригадасынын командири болгон. Кийин ал ошол эле бригданы Буча шаарында жетектеген. Мамлекеттик департамент аныктагандай, алар Бучада жайкын кишилерди уруп-сабап, жиликтеп, өрттөгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Фролкинге "Андреевкада куралсыз карапайым украиналык кишини сотсуз өлтүргөнү үчүн" санкция салынганы маалымдалды.

Мамлекеттик департамент сөз болгон эки кишиге жана алардын жакындарына АКШга кирүүгө тыюу салынарын билдирди.

Мекеме белгилегендей, Омурбеков менен Фролкиндин адам укуктарын одоно бузууга тиешесин бейөкмөт уюмдар жана көз карандысыз иликтөөчүлөр бышыктаган, ал маалыматтар олуттуу жана ишенимдүү.

Украин бийлигинин, андан тышкары журналисттердин атайын иликтөөлөрүнүн, БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдарынын бүтүмүнө караганда, 2022-жылдын февраль-март айларында Киев облусундагы Буча шаарын орус армиясы оккупациялап турган кезде жүздөгөн жергиликтүү тургундар өлтүрүлгөн. Айрымдарынын колдору байланып, желкесине ок атылган. Андай сүрөттөрдү жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жарыялаган.

Украинанын прокуратурасы оккупация маалында шаарчада 600дөн ашуун крапайым киши өлтүрүлгөнүн, көбүн кыйноого кабылганын аныктаган. Кылмыштын 1100 фактысы катталган.

Жогоруда айтылган далилдерге карабай, Орусиянын Коргоо министрлиги тынч жашоочулардын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда жана сөөктөрдүн сүрөттөрүн "чагым" деп атап келет.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты былтыркы ноябрга карай Бучанын оккупациясы учурунда 73 жайкын тургун өлтүрүлгөнүн документтештирген. Айрымдары көчөдө жөн эле баратканы үчүн ок жеген.

Былтыр апрелде Британия Омурбековду санкциялык тизмеге кошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG