Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты


Гүлжан Шерипбаева
Гүлжан Шерипбаева

Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 20-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкканын анын адвокаты Жаныш Бараков "Азаттыкка" ырастады.

"Гүлжан Шерипбаеванын бөгөт чарасы 20-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун токтому менен өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Айыпталуучу макамы сакталат, сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деди адвокат.

Шерипбаева 18-ноябрда 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган.

Журналист өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.

Гүлжан Шерипбаева акыркы убакта социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шек саналып соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG