Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Армения ЖККУдан жардам суроодон баш тартты


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Армениянын бийлиги Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан Ереванга жардам берүү тууралуу маселени 23-ноябрда Минскиде өтө турган жыйынынын күн тартибинен алып салууну суранды.

Бул тууралуу Беларустун лидери Александр Лукашенкого 20-ноябрда уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов айтты.

“Бардык өнөктөштөр бул чечимди колдогону менен армян тарап документке эч кандай кызыгуусун көрсөткөн жок. Акырында алар такыр күн тартибинен алып салууну суранышты”,-деди Тасмагамбетов.

Быйыл апрель айында уюмдун катчылыгы билдиргендей, келишимдин долбооруна Армения менен Азербайжандын чек арасына байкоочу миссиясын жөнөтүү жана “башка шарттар” кирген.

14-ноябрда Армениянын өкмөт башчысы Лукашенко менен телефондон сүйлөшүп жатып, Минскиде өтө турган саммитке катыша албастыгын билдирген.

Кремл Пашиняндын чечими боюнча өкүнүчүн билдирди.

Армениянын жетекчилери 2009-жылдан бери мындай саммиттерге калтырбай катышып келген. Саясат таануучулар Армения муну менен КМШ жана ЖККУдагы өнөктөштөр Тоолуу Карабактагы окуялар маалында колдоо көрсөтпөгөнүнө, иш жүзүндө Азербайжандын позициясын колдогонуна нааразылык билдирүүдө деп айтышат.

Еревандын өкүлдөрү 13-октябрда КМШнын Бишкектеги жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна барган эмес. Ошондой эле Балыкчынын жанында ЖККУнун машыгуусуна катышкан жок. Пашинян сентябрда "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Еревандагы айрым саясатчылар сөз болгон эки уюмдан чыгууга үндөп келатканы менен расмий бийлик бул багытта аракет көрө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG