Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

Көлбаевге байланыштуу кармалган Салимовдун уулуна издөө жарыяланды


УКМК.
УКМК.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовдун уулу Илшат Салимовго издөө жарыяланганын бүгүн 20-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин мыйзамдаштыруу фактылары жана кылмыштуу топторду каржылаган айрым ишкерлер боюнча тергелип жаткан кылмыш иши алкагында Илшат Салимовго сыртынан “Көлбаевдин тобун каржылаган жана кылмыштуу кирешени легалдаштырган” деген айып тагылды.

УКМК билдиргендей, Илшат Салимов Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, бизнес долбоорлордогу айрым өнөктөштөрүн коркутуп-үркүтүп, өз үлүшүнөн баш тартууга мажбурлап тапкан кирешесине жер тилкелерин сатып алып, Көлбаевди каржылаган, ал 3 гектардан ашуун жерге ээлик кылат, курулуш компанияларында үлүшү бар.

Салимовдор Бишкекте Кыргыз камволдук-нооту комбинатына караштуу №155 бала бакчаны мыйзамсыз мыйзамдаштырып, комбинаттын 4,5 гектар аянттагы кампа жайын мыйзамсыз менчиктештирип алышканы, Көлбаевдин бир катар мыйзамсыз иштерине аралашканы да айтылды.

Атайын кызмат Көлбаев 4-октябрда Бишкекте атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалган 20 адамдын бири Турсунтай Салимов экенин УКМК 10-октябрда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Салимов узак убакыттан бери криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болгон жана алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган.

9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салимовду 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу жеке ооруканалардын биринде жатканын жактоочулары кабарлашкан.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты болгон.

Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн. Ал Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” бирикмесинин лидери.

Салимовдун жактоочулары 13-октябрда билдирүү таратып, УКМКнын ага койгон айыптоосуна байланыштуу маалымат беришкен. Анда Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап, анын кызматынан пайдаланып жүргөнү тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганы белгиленген:

“Сотто УКМКнын тергөөсү Салимовдун кылмыштуу топ менен байланышы бар экенине далил келтире алган жок, бирок, ошого карабастан, судья аны камоо тууралуу чечим чыгарды. Салимовду кармоо Кылмыш-процессуалдык кодексин одоно бузуу менен жүргүзүлдү, судья ага көңүл бурбай койду. Мисалы, Салимовду кармоо учурунда ал кылмыш жасап жаткан эмес болчу, аны кылмышкер деп көрсөткөн күбөлөр да, жабыркагандар да жок. Ал мыйзамсыз жана негизсиз кармалды. Айып аңыз кептин негизинде, фото же видео далилсиз, далил документтерсиз коюлду”, - деп айтылган маалыматта.

УКМК Салимовдун жактоочуларынын бул билдирүүсү боюнча комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG