Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Мовлаевди Кыргызстандан чыгаруу милдети УКМКга жана ИИМге жүктөлдү


Мансур Мовлаев.
Мансур Мовлаев.

Бишкекте соттолуп, бүгүн 20-ноябрда бошотулган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлдү. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, соттук коллегиянын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 4-октябрдагы өкүмү өлкөдөн чыгаруу тууралуу бөлүк менен толукталды, Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

Мовлаев бошотулганы түшкө маал белгилүү болгон. Адвокаты Бакыт Автандил “Алты айлык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Ошонун негизинде сот залынан бошотулду. Азыркы макамы – ал бош адам. Өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим ошо бойдон күчүндө калды. Бирок сот бошоткондон кийин ага кандайдыр бир кызматкерлер келип “токтоп туруңуз” деген жок", - деп “Азаттыкка” билдирген.

Саат 19:00гө карата Мовлаев кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок.

Адвокаты соттон чогуу бир машинага отуруп чыгышканын, бирок ал бир аздан кийин түшүп калганын, ошондон кийин байланышпаганын, соттун өкүмү расмий түрдө колуна тие электигин, андыктан өлкөдөн чыгаруу тууралуу кошумча талап боюнча эч нерсе айта албай турганын “Азаттыкка” айтты.

УКМК, ИИМ жана Миграция кызматы да азырынча маалымат бере элек.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист мекенинде аны катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган. Ал былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан.

Быйыл августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мовлаевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG