Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Орунбеков аял кордолгон окуяларды талкуулоо "кызыкдар тараптардын саясаты" экенин айтты


Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

Кыргызстанда аялдар кордолгон окуяларды жалпы көрүнүш катары таанытуу аракети кайсы бир кызыкдар тараптардын саясаты деген пикирин 20-ноябрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына бул маселе боюнча пикирин жазып, кыргыздар аял затын сыйлап, урматтап, аяр мамиле кыларын жазып, аялдар зомбулукка кабылган окуяларды “миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар” деп атады:

“Аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар жалпы Кыргызстандагы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу – кызыкдар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет. Аялзатын мурда кандай сыйласак, мындан ары дагы аздектейбиз. Кыргыздар эч качан аялдардын укуктарын чектеген эмес. Ошон үчүн бизде Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан даткалар чыккан, аял сыйлаган коом бар үчүн жакынкы эле тарых - Роза Отунбаева президент болгон”.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда Жогорку Кеңеште аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Жакында Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова ал келинге барып жолукканын Фейсбукка жазып, "Коомчулук менен бирге мен дагы мындай окуяларды кескин айыптайм! Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек" деп белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG