Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

Экономика жана коммерция министринин төрт орун басары кызматтан алынды


Экономика жана коммерция министрлигинин имараты.
Экономика жана коммерция министрлигинин имараты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика жана коммерция министринин төрт орун басарын кызматтан алды. Бул тууралуу маалымат Министрлер кабинетинин сайтына 20-ноябрда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, алар - Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев, Чыңгыз Макешов, Назарбек Малаев. Министрдин орун басарларынын кызматтан алынышынын себеби айтылган эмес.

Сентябрь айында өкмөт аталган мекеменин ишин оптималдаштыруу жана уюштурууну жакшыртуу максатында министрдин орун басарларынын санын сегизден төрткө кыскартуу чечими кабыл алынганын маалымдаган.

2021-жылдын май айында Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, Өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөн учурда Финансы министрлиги менен Экономика министрлиги бир мекеме болуп калган. Ошол эле жылдын октябрында экөө кайра экиге бөлүнүп, Экономика жана коммерция министрлиги түзүлгөн. Натыйжада бул министрликтин жетекчисинин сегиз орун басары кызматы уюшулган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG