Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Новосибирскиде ондогон тургун митингге тыюу салууга каршы чыкты


Новосибирск шаарынын нааразылыкка чыккан тургундары, 19-ноябрь, 2023-жыл.
Новосибирск шаарынын нааразылыкка чыккан тургундары, 19-ноябрь, 2023-жыл.

19-ноябрда Новосибирскиде ондогон тургун аймактын губернатору Андрей Травниковдун шаардын көпчүлүк жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салган демилгесине каршы чыкты. Чогулгандардын арасында шаардык кеңештин депутаттары Светлана Каверзина жана Антон Картавин да бардыгын "Сибирский Экспресс" басылмасы кабарлады. Депутаттар аймактын жетекчисинин мыйзам долбоору 2024-жылы жазында өтчү президенттик шайлоого даярдыкка байланыштуу деп санашат.

Бийликтен алдын ала уруксат алынган нааразылык акциясы Новосибирскинин борборундагы Нарымский гүлбагында өттү. Бул дагы губернатордун тизмесине кирген тыюу салынчу жерлердин бири. Ошондой эле тизмеге башка бир катар шаарлардын борбордук аянттары кирген.

13-ноябрда Новосибирск облусунун башчысы, бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү Андрей Травников «адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин» коргоо максатында Новосибирскинин эл чогулган жерлеринде митинг-пикетке чыгууга тыюу салуу демилгесин көтөргөнү маалым болгон.

Өткөн аптада Владимир Путин Орусиянын президентин шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү бекитти. Ага ылайык, шайлоо убагында медиа каражаттарынын иши кыйла татаалдашат.

Орусияда президенттик шайлоо эмки жылдын 17-мартында өтүүгө тийиш. Ага 2000-жылдан бери бийликте турган Путин катышарын жеп катшпай турганын азырынча айта элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG