Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

БУУ: Аш-Шифадагы ара төрөлгөн 30 ымыркай Газанын түштүгүнө эвакуацияланды


Аш-Шифадан эвакуацияланган ара төрөлгөн ымыркайлар
Аш-Шифадан эвакуацияланган ара төрөлгөн ымыркайлар

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун “Тез жардам” бригадасы Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады.

Мурдараак Аш-Шифадагы араңжан балдарды эвакуациялоого Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) атайын кербени баратканы кабарланган.

Эл аралык уюм ымыркайлар Газанын түштүгүнөн Рафахтагы Бириккен Араб Эмираттары жабдыган госпиталга которулганын билдирди. АВС News жекшембиде ымыркайлар аман-эсен эвакуацияланганын, эми алар Египеттеги үнүнчү ооруканага жиберилерин кабарлады.

Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси Аш-Шифада абалы оор ондогон бейтап калганын маалымдады.

Өткөн шаршембиде Аш-Шифаны толук көзөмөлүнө алган Израил армиясы палестин анклавындагы эң чоң медициналык комплекстин алдында ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдиктен террордук деп таанылган) башкаруу борбору жайгашканын, согушкерлер карапайым калкты тирүү калкан кылып колдонуп жатканын билдирген.

8-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын тобу ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана дарыгерлер чыгып кеткен соң медициналык комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Коопсуздуктан улам топ комплекстин ичинде бир саат ганажүрүп, андагы адам чыдагыс абалды «өлүм аймагы» деп сыпаттады. Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, ооруканада атылган октордун издери бар, комплекстин кире беришине 80 киши жапырт көмүлгөн.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG