Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Украина: 24 саатта майданда 71 жолу куралдуу кармаш болду


Майдандагы украин аскерлери
Майдандагы украин аскерлери

Өткөн суткада фронтто 71 куралдуу кармаш болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жекшембиде эртең менен билдирди.

«Орусиянын террористтик чабуулдарынан бейкүнөө элдин арасында өлгөндөр жана жарадар болгондор бар. Менчик үйлөр, жарандык жайлар жабыркады» - деп айтылат билдирүүдө.

Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запарожье, Херсон жана Николаевск облустарынын 150дөн ашуун айыл-кыштагы артиллериялык чабуулга кабылган.

Лиман багытында орус армясы чабуул койсо, украин жоокерлери Бахмут багытында алардын мизин кайтарган. Украин армиясы Бахмуттун түштүгүндө контрчабуулун улантууда.

Орус армиясы Авдеевканы курчоого алууга аракеттенип, украиндер коргонууну кармап турганы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө белгиленген.

Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту орус армиясы жүздөн ашуун аскеринен жана жүздөн көп брондолгон техникасынан ажыраганын кабарлады.

2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери кеминде 37 миң орусиялык аскер набыт болгонун, алардын 4,5 миңдейи мобилизация аркылуу армияга тартылгандар экенин “Медиазона” басылмасы менен Би-Би-Синин орус кызматы аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG