Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:34

Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешин жеңди


Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи жеңишинен кийин.
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи жеңишинен кийин.

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде сербиялык Урош Медичти утту. Беттеш 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болду.

Мыктыбек Оролбай уулу 77 кг салмакта күч сынашып, кармаштын экинчи раундунда каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

UFC Fight Night 232 турниринде башта Урош Медич америкалык мушкер Жонни Парсонс менен мушташмак. Бирок ал белгисиз себептерден улам беттешке чыкпай калып, анын ордуна Мыктыбек Оролбай уулу чыкты.

Кыргызстандык мушкер UFC уюму менен жалпы төрт беттешке келишим түзгөн.

Ушул тапта эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү белгилүү бул уюмда кыргызстандык эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор мушташып келет. Валентина Шевченко аялдар арасындагы эң жеңил салмакта бир нече жолу чемпион болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG